Биз менен байланышыңыз

Месси жетинчи ирет Испания чемпионатынын «мыкты бомбардири» деп аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 690 | 0

“Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасында жетинчи ирет футбол боюнча Испаниянын чемпионатынын «мыкты бомбардири» деп аталды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазды.

Аргентиналык футболчу быйылкы сезондо 33 оюн өткөрүп, 25 гол киргизгенге жетишти. Ал “Реалдын” оюнчусу Карим Бензема (37 оюнда 21 гол) жана “Вильярреалдын” футболчусу Жерар Моренону (35 оюнда 18 гол) артта калтырды.

Месси Испаниянын чемпионатында мыкты бомбардирге бере турган “Пичичи” сыйлыгынын ээси болду. Аталган сыйлыкты барсанын капитины 2010, 2012, 2013, 2017, 2018, 2019 жана 2020-жылдары алган.

Copyright © 2017 Maral FM