Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасы: Чемпион «Ливерпуль» жарыштан четтеди

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 598 | 0

Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын 8/1 финалдык беттешинин кезектеги оюндары өтүп, учурдагы чемпион Англиялык “Ливерпуль” жарыштан четтеди.

Жооптук оюнда “Ливерпуль” өз үйүндө испаниялык “Атлетико Мадрид” менен кездешип, 3:2 эсебинде утулуп калды. Матчтын тагдыры овертаймда чечилди. Негизги бөлүк Вейналдум киргизген гол менен аяктады. Кошумча бөлүктө Роберто Фирмино гол киргизип, эсепти эселетсе, ага Льоренте 97 жана 105-мүнөттөрдө, Мората 120 мүнөттө топ киргизип жооп кайтарды. Жалпы эсеп 4:2 (биринчи беттеш 0:1), Испандык команда чейрек финалга чыкты.

Дагы бир кызыктуу беттеш Франциянын баш калаасы Париждеги “Парк де Пренс” футбол талаасында өттү. Жергиликтүү “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) германиялык “Боруссия Дортмунд” клубун кабыл алып, 2:0 эсебинде утуп, кийинки баскычка жол алды.

ПСЖ футболчулары Неймар (28-мүнөт) жана Бернат (45-мүнөт) киргизген голдор Томас Тухель жетектеген ПСЖга жеңиш алып келди. Биринчи оюнда немецтик команда 2:1 эсебинде уткан болчу.

Буга чейин Италиялык Аталанта жана Германиянын “РБ Лейпциг” атаандаштарын жеңип, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM