Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасы: «Ливерпуль» чемпион!

Кыска кабар , Спорт | 2 Июн 2019 | 980 | 0

Англиянын «Ливерпуль» командасы Европа футболдук уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын Кубогун жеңип алды.

Европадагы клубдар арасында эң беделдүү делген бул мелдештин финалында Англиялык эки команда «Тоттенхэм» менен «Ливерпуль» кездешти.

Финалдык чечүүчү беттеш кечээден бүгүнкүгө караган түнү Испаниянын Мадрид шаарындагы “Ванда Метрополитано” стадионунда өттү.

Беттештин экинчи мүнөтүндө ливерпулдуктардан Мохамед Салах 11 метрлик айып тобун киргизип эсепти ачты. Алмашууга чыккан Дивок Ориги оюндун 87-мүнөтүндө гол киргизип, беттештин тагдырын чечти.

Ливерпуль өз тарыхында ушуну менен бул мелдештин кубогун алтынчы ирет жеңди.

Эске сала кетсек, Юрген Клопп башында турган Англиялык Ливерпуль командасы өткөн жылы да Чемпиондор Лигасынын финалына чыгып, Испаниянын Реал Мадрид командасына жеңишти алдырып жиберген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM