Биз менен байланышыңыз

Эркин күрөш: Улукбек Жолдошбеков U23 дүйнө чемпионатынын финалында

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2019 | 1093 | 1

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ал япон балбаны Ryutaro Hayama’ны 12:1 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен жеңип финалга жолдомо алган.

Улукбек Жолдошбеков бүгүн 23 жаштагылар арасындагы дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн индиялык Равиндер Равиндер менен күрөшөт.

Ушул күндөрү Венгринын борбору Будапешт шаарында спорттук күрөштөр боюнча U23 дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM