Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын айыл чарбасы боюнча долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 653 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Пекинде  CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь менен жолугушту.

Мамлекет башчы Кыргызстан агрардык секторго инвестицияларды тартууга кызыкдар жана ушул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгилеп,  компания Кыргызстандын агрардык секторуна эң жаңы технологияларды киргизе аларына ишене турганын билдирди.

«Кыргызстандын бир облусунда жетекчи кезимде Кытай провинциялары менен тыгыз кызматташчубуз. Сиздин өлкөнүн керектөөлөрүн жакшы билем, ошондуктан, биздин экологиялык жактан таза жана даамдуу азык-түлүктөрүбүз Кытай рыногунда өз кардарларын табарына ишенем. Эгерде, сиз биз менен кызматташсаңыз жаңылбайсыз», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда бир нече жолу болушканын, Кыргыз өлкөсү долбоорлорду ишке ашыруу жана айыл чарбасына инвестиция салуу үчүн ыңгайлуу экенине көздөрү жеткенин айтты.

Германияга визитиңиз учурунда да, сиз Кыргызстан инвестициялар үчүн ачык экенин билдирдиңиз. Бул — абдан жакшы саясат.  Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстандын экономикасы инвесторлордун колдоосуна ээ болот деп ишенем», — деди Ван Бинь.

Кошумчалай кетсек, CJI компаниясы эл аралык инжиниринг тармагында адистешкен, курулуш, эл аралык соода, шаар жана айылдарга инвестиция салуу, консалтинг жана башка багыттарда кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик компания болуп саналат. 2018-жылдын 25-октябрында CJI компаниясы жана Кыргызстандын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги кыргыз-кытай агро өнөр жай паркын түзүү боюнча кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM