Биз менен байланышыңыз

Футзал суперлига: «EREM» үчүнчү ирет удаасы менен финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2019 | 969 | 0

Оштун «EREM» клубу Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасынын быйылкы чемпионатынын финалына чыкты.

Кечээ Ош шаарында өткөн «EREM» – «Sun City» жарым финалдык экинчи беттешинде башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимовдун балдары 6:2 эсебинде утуп алышты.

Бул жеңиш менен оштуктар жарым финалдык сериядагы экинчи, жалпы атаандаштыктагы жеңишти камсыздап, финалга жолдомо алды.

Бишкекте өткөн беттеште 4:1 эсебинде утулуп жаткан «EREMдин» оюнчулары калыстын финалдык ышкырыгына чейин эсепти 4:5ке айландырып, жеңишти илип кетишкен болчу.

Жарым финалдык сериада жалпы эсеп 2:0, «EREM» үчүнчү ирет удаасы менен Суперлиганын финалына чыкты.

Оштук команданын финалдагы атаандашы «Алга-Дордой» же «Мурас» командаларынын бири менен болмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM