Биз менен байланышыңыз

Футзал: Суперлиганын голдорго бай туру болду

Кыска кабар , Спорт | 8 Мар 2020 | 497 | 0

Бүгүн, 8-мартта футзал боюнча кыргызстандын Суперлигасынын 13-туру өттү. Бүгүнкү беттештер быйылкы жылдын голго бай оюндары болуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев «Маралга» билдирди.

Бишкектик “Фарватер” Ысык-Көлдүн “Сары-Ой” клубун 10:1 эсебинде утса, Оштун FC “EREM” клубу өз үйүндө “Биримдик-Сокулук” командасын 13:2 эсебинде жеңди. Ал эми дагы бир Ысык-Көлдүн “Мурас” клубу “Бакубат-Талас” командасынын дарбазасына 15 топ киргизди. Жыйынтык эсеп 15:1.

Бул турдун акыркы оюнунда бишкектик “Намыс-Ынтымак” – “Спактак-Бишкек” командалары беттешип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM