Биз менен байланышыңыз

Футзал: «EREM» Кыргызстандын Суперлигасында чемпион!

Кыска кабар , Спорт | 8 мая 2019 | 580 | 0

Оштун «EREM» командасы Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн футбол уюумунун тартип (дисциплинардык) комитетинин чечими чыккандан кийин маалым болду.

«EREMдин» атаандашы «Алга-Дордой» Суперлиганын финалдык сериясынын үчүнчү беттешине оюнга чыкпай койгону үчүн жеңилди деген чечим чыгарылган. Мындан сырткары 10 миң сом айып салынган.

Эрежеге ылайык, финалдык беттештер сериясы 3 жеңишке чейин уланат. Буга чейин Ошто өткөн беттеште «EREM» жеңишке жетишип, жалпы эсепте 2:0 менен алдыда келаткан.

Муну менен башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимовдун командасы үчүнчү ирет удаасы менен футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын чемпиондугун женип алды.

Эске сала кетсек, «EREM» өткөн жылы да Бишкектин «Алга» командасы менен финалда таймашып, 3:2 эсебинде утуп алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM