Биз менен байланышыңыз

Футзалда кезектеги тур өтүп жатат

Кыска кабар , Спорт | 11 Янв 2020 | 533 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер-Лигасынын кезектеги 17-туру старт алды. Бүгүн, 11-январда “Спартак Бишкек” клубу “Сокулук Биримдик” клубун 9:5 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу өлкөнүн футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев “Маралга” билдирди.

Биринчи бөлүктү Сокулуктун командасы 4:3 эсебинде алдыда жыйынтыктаганы менен беттеш 9:5 эсебинде Бишкектик командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюн “Vivat” спорттук комплексинде өттү.

Ал арада Ош шаарындагы “Шавхат” спорттук жайында жергиликтүү “EREM” “Бакубат Талас” клубу менен таймашып жатат. Эсеп азырынча 3:1 оштук команда алдыда.

Киёмидин Пириев кошумчалагандай, бүгүн 18:00дө “Фарватер” – “Мурас” жана “Намыс” – “Сары Ой” жуптарынын беттеши өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM