Биз менен байланышыңыз

“Спартак Бишкек” Тажикстан курамасынын оюнчусу Умед Кузиевди катарына алды

Кыска кабар , Спорт | 7 Янв 2020 | 612 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер-Лигасында кайрадан түзүлгөн “Спартак Бишкек” клубу Тажикстандын улуттук курамасынын оюнчусу Умед Кузиев менен келишим түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев “Маралга” билдирди.

Келишимге ылайык, 22 жаштагы спортчу бишкектик клуб үчүн 2020-жылдагы сезондо ойнойт.

Умед Кузиев буга чейин Душанбе шаарынын «ДИСИ Инвест»,»Соро компания» жана Худжанддын «Сипар» клубдарында ойногон.

“Спартак Бишкек” клубу Кыргызстандын Супер-Лигасынын быйылкы чемпионатынын биринчи айлампасында “SUN City” болуп ойногон. Команда менен демөөрчүлөр ортосундагы айрым жагдайлардан улам, клуб чемпионаттын экинчи айлампасынан тарта “Спартак-Бишкек” деген ат менен ойноп баштайт.


Футзалдагы “SUN City” клубу кайра түзүлдү


Азыркы тапта команда 14 оюндан 30 упай топтоп, мелдештик тизмеде 4-сапта келатат.

Copyright © 2017 Maral FM