Биз менен байланышыңыз

Футзалдагы “Строй-Мир” менен “SUN City” клубдары кайра түзүлдү

Кыска кабар , Спорт | 4 Янв 2020 | 546 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча Супер-Лигасындагы Бишкектин “Строй-Мир” клубу жоюлду. Эми алар Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы болуп катышат. Ал эми Бишкектин дагы бир “SUN City” клубу да чемпионаттын экинчи айлампасынан тарта “Спартак-Бишкек” деген ат менен ойнойт.

Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүштөр командалардын демөөрчүлөрүнө байланыштуу болгон.

Супер-Лиганын 2-айлампасынан тарта “Строй-Мир” клубу Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы болуп катышат. Ал эми “SUN City” клубу “Спартак-Бишкек” деген ат менен ойнойт. Бул көрүнүштөр командалардын демөөрчүлөрүнө байланыштуу болууда. Футзал ассоциациясы Супер-Лигадагы командалар жоюлуп кетпесин деген максатта мындай кылууга жол берди. Кабыл алынган эрежеге ылайык, кайра түзүлгөн командалардын буга чейинки жыйынтыктары ошол бойдон сакталат, — деди Киёмидин Пириев.

Эскерте кетсек, 14 турдан соң Оштун “EREM” клубу 42 упай менен көч баштап келатат. “Спартак-Бишкек (SUN City)” клубу экинчиде,  “Мурас (Строй-Мир)” төртүнчү катарда. Ал эми Бишкектин “Фарватер” клубу үчүнчү сапта.

Copyright © 2017 Maral FM