Биз менен байланышыңыз

Футзал: “Спартак-Бишкек” — “Сары-Ой” 13:0

Кыска кабар , Спорт | 24 Янв 2020 | 498 | 0

Бүгүн, 24-январда футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 21-туру өтүп жатат.

Бишкектеги Sun City спорттук жайында талаа ээлери “Спартак-Бишкек” Ысык-Көлдүн “Сары-Ой” клубун 13:0 эсебинде утту. Биринчи бөлүктө эле эсеп 8:0гө жетти.

Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев “Маралга” билдирди.

Ал эми Ысык-Көлдүн “Мурас” клубу Сокулуктун “Биримдик” командасын 8:1 эсебинде утуп алды. Беттеш “VIVAT” спорттук комплексинде өттү.

Ал эми ушул тапта Бишкектин Арча-Бешик конушундагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде Бишкектин «Фарватер» клубу Оштун «EREM» командасы менен беттешип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM