Биз менен байланышыңыз

Футзал: “Спартак Бишкек” «EREM»ди 12:7 эсебинде утту

Кыска кабар , Спорт | 5 Мар 2020 | 510 | 0

“Спартак Бишкек” футзал клубу Оштун FC “EREM” командасын 12:7 эсебинде утуп алды. Командалар бүгүн, 5-мартта «SUN CITY» спорттук борборунда мурда ойнолбой калган 24-турдун алкагында беттешти. Оюн 12:7 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук Союзунун алдындагы футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев “Маралга” билдирди.

«Спартак Бишкек» — FC “EREM” командаларынын жылдырылган 23-турдун алкагында кечээ, 4-мартта беттешип, Оштук команда 7:4 эсебинде уткан болчу.

24 турдан кийин FC “EREM” 62 упай менен алдыда баратат. 54 упай алып «Спартак Бишкек» экинчи сапка көтөрүлдү. 53 упай топтогон Бишкектин «Фарватер» клубу үчүнчүдө.

Copyright © 2017 Maral FM