Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы автокырсыкта каза болгон өзбек жарандары мекенине жеткирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 565 | 0

Казакстандагы жол кырсыгында каза болгон өзбекстандык 3 жарандын сөөгү бүгүн мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Жамбыл облусунун Кордай районунда ишемби күнү автобус кырсыкка учурап, 8 казак жараны жана 3 өзбек жараны каза болгон.

Кырсыкта дагы 29 киши жапа чеккен.

«Өзбекстандын 3 жаранын туугандары таанып, аныкталгандан соң, «Жибек Жолы» — «Гишт куприк» көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга жеткирилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM