Биз менен байланышыңыз

КСДПчылар Юстиция министрин жана Абылгазиевди кызматтан кетишин талап кылышууда

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 518 | 1

Ушу тапта Юстиция министрлигинин имаратынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү «Адилетсиз министрлик» деп аталган акция өткөрүп жатышат.

Алар министрлик партиянын документинде башчылардын аты-жөнү алмаштырылганы тууралуу түшүндүрмө талап кылышууда. Нааразычылык билдирип келгендердин алдына азырынча министрликтен эч ким чыга элек.

Алар «КСДПнын эч кимге бербейбиз» деген ураандарды айтышып, Юстиция министри Марат Жаманкуловдун, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүн жана Парламентин таркатылышын талап кылышууда.

Акцияда КСДПнын мүчөлөрүнөн башка жарандык активисттер, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да бар.

Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп, маалымат жыйын өткөргөн.

18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулу

    22.04.2019 12:02

    Элге Кыргызстанга бир пайданар жок калп эле озунор не иш кылдынар убагында КСДП акча берсе эле чыгыштан тажабаган саткындар. Андан коро элге бир пайдалуу иш кылсанар боло баары бийликте козе жеткенден кийин иши жок эл менен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM