Биз менен байланышыңыз

Аманкуловдун айтканына прокуратура, УКМК үн ката элек

Саясат | 28 Сен 2020 | 976 | 0

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун видеодо айткан сөзү дагы деле талкууда. Буга байланыштуу 27-сентябрда Бишкек шаарында нааразычылык акциясы да өттү. “Кул болбо!” деген ураандын астында өткөн акцияга 400дөн ашык адам катышты. Аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Башкы прокуратурага арыз жазылып, тиешелүү чара көрүүнү талап кылышкан.

Анткен менен Марат Аманкулов өзүнө карата айтылган айыпты мойнуна ала элек. Видеону атайын чагымчылдык максатта саясий топтор колдонуп, толук тасманын бир бөлүгүн кесип таратып жатышканын айтты. Орусия депутаттары менен 2019-жылы жолугуп, кыргыз-орус эриш-аркак жылын талкуулаган маалда тартылган деп түшүндүрмө берди. Мамдуманын депутаты Алтай цивилизациясын мыкты билген Иван Белеков менен сүйлөшүп жаткандагы жерден алынган деп айтты.

— Мен Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Мамдуманын депутаты Иван Белековдун сүйлөгөн сөзүнө жооп бергем. Ал биздин жалпы тарыхыбыз жөнүндө, Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын орду тууралуу сүйлөгөн. Шайлоо алдында айрым саясий күчтөрдүн үгүт кампаниялары менин жообумдан үзүндү кыркып алып, каралоого аракет кылып жатышат. «Биримдик» партиясы патриоттук платформасында негизделип, биздин эң башкы баалуулугубуз — көз карандысыздыгыбыз. Эгемендүүлүк — элибиздин эң улуу жетишкендиги, — деп билдирет Аманкулов.

Бирок Аманкуловдун алгач жазуу түрүндө, кийин видео түрүндө тараткан түшүндүрмөсү да абалды өзгөртө алган жок. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай партия лидери улам актангандын ордуна кечирим сураса, элдин нааразычылыгы тарап, кечирмек деп эсептейт. Ал эми бул боюнча УКМК укуктук баа бериши керек деген ойдо.

Аманкулов кечирим сурагандын ордуна кайра актанып, журналистерди жалдап конфрантацияга барып жатат, бул туура эмес. Эгерде буга карата чара көрүлгөндө, ошол замат реакция кылынмак. Ал окуядан бери канча убакыт өтуп кетти. Ошондуктан бул туура эмес, — деди Аманкулов.

Ал эми видеодо Марат Аманкулов менен сүйлөшкөн Мамдуманын депутаты Иван Белеков. Ал Алтай цивилизациясын мыкты билген адам. Бирок аны менен сүйлөшүп жатканда сөзгө берилип кеткен учурда да эгемендүүлүк тууралуу этияттап сүйлөө керек болчу. Саясатчынын бул кадамын тарыхчы, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов кескин сындап, бул аракетти наадандыкка теңеди. Ал мындай көрүнүштүн болушун өлкөдө саясий маданияттуулуктун жоктугу менен байланыштырат.

— Кыргызстанда саясатчылардын арасында саясий маданияттуулук деген жок. Мисалы түркияда Несид Йылмаз деген партия лидери мейманканада бир кызга тийише коем деп жалпы журналистердин талкуусуна алынып кеткеде, ошол жерде «мени туура эмес түшүнүп алдыңар, мени кечирип койгула» деп партиясынын лидерлигин таштап кеткен — деди Молдокасымов.

Ал эми БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев бул окуя Аманкуловдун жана партиянын атына доо кетирди деп эсептейт. Бул шайлоо алдында саясий топтун электоратын азайышы алар үчүн чоң жаза. Бирок атайын органдар иштин изине түшүп, мыйзамдык баа бериши керектигин белгиледи.

Биринчиден тиешелүү органдар өзүнүн укуктук баасын бериш керек, экинчиден лингвистикалык экспертиза дайындалышы керек. Экспертизанын кортундусунда кылмыштын кандайдыр бир белгилери болсо, анда тиешелүү чаралар көрүлүшү керек.

Ошондой эле ал Аманкулов айтылган сындарды четке кагып жатса, анда эмне дегиси келгенин, чыныгы оюн так түшүрдүрүп бериши керектигин сунуш кылды.

Аманкуловдун видеосу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чара көрө баштаганы боюнча азырынча маалымат жок. УКМК менен байланышууга такыр мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун 2019-жылы Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаттары менен жолуккандагы видеосу тарады. Анда Аманкулов Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндө сөз козгогон. “Биз 30 жылдан бери эгемендүүлүктө жашап келе жатабыз. Бирок үйгө кайтуунун мезгили келди” деген сөздү айткан. Муну айрымдар чыккынчылык катары баалап, Орусияга кошулууга чакырык же көзкарандысыздыкка кетирген доо деп баа бергендер да бар.

Аманкулов азыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ал буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде да 2 жолу депутат болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM