Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков КСДПчыларга: Шайлоодо жардам бербейм, өзүңөр чечкиле

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 1458 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бир да саясий партияга жан тартпайт. Шайлоо калыс өтөт деп кепилдик берет. Бул тууралуу өлкө башчысы маалымат жыйында 5-каналдын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Шайлоонун тагдырын эл чечет. Эл тандаган партия парламентке келет. Мен ачык эле айтайын, бул боюнча кыймылдарды байкап жатам. Мага кирип жатышат. Мурдагы КСДП партиясы дайыма алдыда болуп келген. Мен да бир маалда бул партиянын башында турганмын. Мага мурдагы партиялаштарым «эмне кылалы?» деп келип жатышат, — деди мамлекет башчысы.

Президент катары баарын бирдей калыс карашым керек. Мага келип жатышат, өзүңөр чечкиле, жаңы партия ачасыңарбы, мурдагыдай каржылап жардам бере албайм, өзүңөр аракетиңерди кылгыла деп ачык айттым, — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы ошондой эле парламенттик шайлоонун калыс, таза, ачык-айкын өтөөрүнө кепилдик берерин, аны шайлоонун жыйынтыгы да көрсөтөрүн убада кылды.

Copyright © 2017 Maral FM