Биз менен байланышыңыз

Интернетте уран кендин иштешине каршы кол чогулткандар

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 855 | 0

«Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» аттуу петицияга он-лайн кол топтоо жүрүп жатат.

www.change.org сайтында жүргүзүлүп жаткан кол топтоодо бул чакырыкты колдогондордун саны 22-апрель саат 10:40ка карата 8600дөн ашты.

Ысык- Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып келет. Буга чейин нааразычылык акциясына дагы чыгышканы маалым.

Маалыматтарга ылайык, анда 1632 тонна уран бар. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

Бул маселе боюнча Өкмөт комиссия түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM