Биз менен байланышыңыз

Боронов: Уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 1104 | 0

Уран кенин иштетүү толугу менен токтотулду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Ысык-Көлдүн Тоң районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

— Уран кенин иштетүү токтотулду. Алардын колунда кенди иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Алар эми кандай иш жүргүзсө да мыйзамсыз болуп эсептелет.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти токтотуп турууну тапшырган. Бүгүн вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган атайын топ жеринен таанышуу үчүн барды.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов уран кенин казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM