Биз менен байланышыңыз

Уран каршы резолюция кабыл алынды

Пикирлер | 26 Апр 2019 | 769 | 0

Уран кенин иштетүү толугу менен токтотулгандыгын биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирген. Бирок, ага карабай нааразычылык акциялары уланууда. «Ала-Тоо» аянтына чогулган эл жыйынын 33 жыл мурда болгон Чернобылдагы каргашалуу окуяны эскерүү менен баштады.


Митингдин уюштуруучуларынын бири, тарыхчы Элери Битикчи уран кенин иштетүүгө эл караманча каршы экенин, өкмөт чечим чыгарарда ушул жагдайды эске алуусу зарылдыгын, болбосо, бүгүнкүдөй нааразычылык акциялары масштабдуу деңгээлде улана берери аныктыгын айтат.

— Биз резолюция кабыл алып жатабыз. Жергиликтүү бийлик активисттерге кысым көрсөтүп жатыптыр. Алар менен байланышып, мындай аракеттерди токтотпосо, ушундай акцияларды масштабдуу деңгээлде уюштурууну пландаштырып жатабыз. Бирок, анчалыкка жеткирбейт деп ишенем. 30 миң петиция чогулган акция буга чейин болгон эмес. Ушунча элдин ою сөзсүз эске алынышы керек.

Нааразычылык акциясына чыккандардын бири Марипа Алыкулова 2018-жылдын октябрынан бери Кызыл-Омпол кени боюнча өкмөткө кат жазып кайрылып келген. Бирок, тиешелүү деңгээлде жооп ала албаганын айтып, кенди иштетүүгө лицензия бергендер сөзсүз жоопко тартылуусу керектигин баса белгиледи.

— Эмне үчүн уран боюнча октябрь айынан бери кат жазып кайрылсак да, эч ким карабай койду? Социалдык тармактардан да кайрылдык, эч ким уккан жок. Эмне себептен? Себеби, Атамбаевдин убагында чыккынчынын баары бийликке отуруп алган. Азыркы учурда токтоду деп айтып жатышат. Токтоткон менен лицензия бергендер, ага тиешеси барлар — баары жоопко тартылышы керек.

Уран кенинин ишке кирүүсүнө каршылыгын билдиргендердин арасында Тоң районунун тургуну Чолпонбек Капарбек уулу да бар. Ал Кажы-Сай уран кенинин калдыктарынан жергиликтүү тургундар азыркыга чейин жабыр тартып келатканын билдирип, мындай абал кайра кайталанбоосу үчүн акцияга катышып жатат.

— Кажы-Сайда да убагында уран казылган. Ал жерде бүгүнкү күндө уран калдыктарынын, радиациянын кесепетинен оорулар козголуп, элге терс таасирин тийгизип келет. Ошол себептен, эртеңки күнү Кызыл-Омпол дагы ошондой таштанды, адам жашаганга мүмкүн болбогон жерге айланбасын деп келдим.

Кызыл-Омпол кенинде чалгындоо иштерин жүргүүзүүгө лицензия алгандар одоно мыйзам бузушкан. Өндүрүүчү машиналардын тургандыгы, суу сактагычтар жана 20-30 метр тереңдикте казылган аңдар чалгындоо эмес, уран казуу иштери жүргөндүгүн көрсөтүп турат. Мындай пикирин коомдук ишмер Расул Үмбеталиев билдирди.

— Алар түздөн-түз мыйзам бузган. Чалгындоо иштерине эле уруксат берилген болчу. Бирок, ал жерде толук кандуу уран казуу иштери жүргөн. Видеотасмаларды карап көрсөк, өндүрүүчү машиналар, атайын суу сактагычтар, 20-30 метр казылган аңдар турат. Бул кен казуу иштери жүргөндүгүн көрсөтөт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып, уран кени боюнча чалгындоо иштерине кимдер уруксат бергенин тизмектеп берген. Берилген лицензияны жокко чыгаруу оңой эмес. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Бирок, өкмөттүн чечими менен иш-аракеттердин баарын токтотсо болот.

— Лицензия маселесин жөндөн-жөн жокко чыгаруу кыйын. Анткени, уруксат кагаз мамлекеттин атынан берилет жана ал юридикалык күчкө ээ. Бирок, өкмөт чечим кабыл ала турган болсо ал токтойт. Андан кийин сотто уланат. Эгерде чет элдик инвесторлор боло турган болсо, ал акыры барып эл аралык арбитражда чечилет. Лондон, Стокгольм, же Европанын кайсы бир мамлекетинде. Ошондуктан, биздин өкмөт бул маселени чечти деп айтканга азырынча эрте. Ооба, өздөрүнүн чечимин кабыл алды, бирок ал чечим юридикалык күчкө ээ эмес.

Акциянын катышуучулары резолюция кабыл алды. Анда бийликке: Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү кендерди казууга жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо; уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу талаптары коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM