Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Автобус кырсыкка учурап 11 адам набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 822 | 0

Казакстанда жүргүнчү ташып бараткан автобус кырсыкка учурап, 11 киши мерт кетти.

Бул тууралуу Тengrinews.kz маалымат булагы жазды.

Каза болгондордон тышкары, 29 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган.

Маалыматта айытылгандай окуя бүгүн таңга маал болгон.

«20-апрель күнү таңкы саат 5.00дө Жамбыл облусунун Кордай районунда Алматы — Ташкент унаа жолунда бара жаткан автобус кырсыкка учурады. Ал жол жээгинде токтоп турган жүк жашуучу унаадан озуп өткөнү жатканда аласалып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта 8 адам окуя болгон жерде эле набыт болгону, дагы үчөө ооруканада жан бергени айтылат. Ал эми 32 киши ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM