Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад университетинин 850 студенти эвакуацияланды

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 461 | 0

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 850 студенти эвакуацияланды. Бул аталган окуу жайда өткөн «Өрт чыккан учурдагы аракеттер жана коопсуздук эрежелери» боюнча өткөн атайын тактикалык машыгууда болду.

Машыгуу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрүнүн жана каражаттардын өзгөчө кырдаал коркунучу жана өзгөчө кырдаал келип чыккандагы кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу, ошондой эле жабыркагандарды ар тараптуу камсыздоону жана тиешелүү иш-чараларды тез арада уюштуруу максатын көздөйт.

Машыгууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери катышуучуларга үйрөтүлдү.

Машыгуу иштерине ӨКМдин облустагы бөлүмдөрү катышты.

Бул иш чара Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу боюнча 2019-жылга бекитилген даярдык иш мерчемине ылайык өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM