Биз менен байланышыңыз

Президент Германияны фитосанитардык лаборатория курууга чакырды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 733 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия жетекчилигине Кыргызстанга биргелешкен фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды курууну сунуштады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Бүгүн кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко өндүрүмдөрүн чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстанда биргелешкен фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды курууга чакырам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде кыргыз-герман бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Ал баса белгилегендей, азыр Кыргызстан ВСП+ макамын алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат. Аталган инструментти толук кандуу колдонуу үчүн мында ары да колдоо керек.

Кыргызстан үчүн ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске германиялык инвестицияларды тартуу биз үчүн актуалдуу экенин баса белгилеп, Мамлекет башчысы бул максатта Кыргызстанда германиялык экономиканын өкүлчүлүгүн ачуу, стратегиялык кызматташтык боюнча ишкерлер Кеңешин түзүү зарыл экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM