Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Сити» ишкердик борборун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 433 | 0

Президент Садыр Жапаров «Бишкек-Сити» эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, дирекция Бишкек шаарынын, социалдык-экономикалык кырдаалын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында «Бишкек-Сити» эл аралык бизнес борборун куруу мезгилине түзүлдү.

Дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлөт:

— ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча:

— ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча заказ берүүчү.

Бул президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген жаңы экономикалык саясатка толугу менен шайкеш келет, анда атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик экономиканы түзүүнү, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык жана энергетикалык технологияларды үнөмдөө, аймактарды туруктуу өнүктүрүү каралган.

Ишкердик борбор Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбордук Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланууга багытталган.

Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту  топтоонун  аянтчасы болот.

Copyright © 2017 Maral FM