Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Германиянын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 371 | 0

Бүгүн, 16-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң, Кыргызстандын Президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин, президенттер аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимндери жаңырды, Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты.

Салтанаттуу азем аяктаган соң, Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бет алышты.

Copyright © 2017 Maral FM