Биз менен байланышыңыз

«Балага сүйүнчү» 2 күндүн ичинде берилет

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 497 | 1

«Балага сүйүнчү» алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС билдирүү алышууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда «балага сүйүнчү» төлөмдөрүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми ишке ашырылууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасынан борборлоштурулган тутум аркылуу министрликтин маалымат базасына арыздар дароо түшүүдө. Эми аталган пилоттук райондордо «балага сүйүнчү» алуу үчүн банктан атайын эсеп ачуунун кажети жок. Каражаттар транзиттик эсепке түшөт. Жарандар которулган каражаттарды өздөрү тандаган банктардын филиалдарынан накталай алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, жакынкы арада жөнөкөйлөтүлгөн механизм өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылат. «Балага сүйүнчү» алуу үчүн арыз таштаган жарандар 4 миң сом өлчөмүндө бир берилүүчү акча каражатын 2 күндүн ичинде ала алышат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жамила

    06.01.2021 12:35

    Сүйүнчү пулду алуу үчүн кимге кайрылуум керек?! ЗАГСтан заявление жаздыргам,10 күн болду смс дагы эле келе элек. Банкка эки жолу бардым,акча түшпөдү деп жатышат. Эмне кылуум керек?!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM