Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Аманкулов суверенитет тууралуу айткан эмес

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 1865 | 0

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун талкууга түшкөн сөзүндө суверенитеттүүлүк тууралуу сөз болгон эмес. Мындай оюн партия лидерлеринин теледебатында аталган партиянын өкүлү Улукбек Кочкоров айтты. Анда түрк тилдүү элдердин маданияты, тарыхы тууралуу болгонун, ошол түпкү түшүнүккө кайтуу керектиги айтылган дейт.

Кошумчалай кетсек, 26-сентябрда Марат Аманкуловдун Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары менен жолугуп, анда «30 жыл эгемендүүлүктү көрдүк. Бирок үйгө кайтуунун мезгили келди» деген сөз айткан. 2019-жылы тартылган бул видео тарап, эгемендүүлүккө доо келтирилгенин, Орусияга кошулуу чакырыгы деп сындагандар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM