Биз менен байланышыңыз

УКМК: Депутат Аманкулов мамлекетке 50 млн сом төлөдү

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1209 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөйт.

Аманкулов мыйзамсыз баюу, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген болчу.

Такталган маалымат боюнча, Аманкуловдун жакын туугандары тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышканы, алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөн бир нече эсе ашыкча экени аныкталган.

Ошондой эле мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен, активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган.

Аманкуловдун 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөнү божомолдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM