Биз менен байланышыңыз

Парламентке эки жаңы депутат келди

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1513 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын ээлеп турган Равшан Рысбаев, «GARANT-AUTO» жана башка бир нече компанияны жетектеп келген Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелдеги Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, алар мандатын тапшырган Марат Аманкулов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келишти.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп 30-мартта дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Мирлан Бакиров бийликтин «тилин» таптыбы?

Мирлан Бакиров 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Алты жылга созулган VI чакырылышта вице-спикер кызматын аркалап, өткөн жылдын 23-декабрында гана өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал 2020-жылдын октябрь айында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеп барган.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча Абдулатип Режавалиев турган, бирок ал жазган арызына байланыштуу талапкерлердин тизмесинен чыккан. Мындан улам ордуна Мейкинбек Абдалиев депутат болуп келди.

Copyright © 2017 Maral FM