Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Милиция кызматкерлери сыйланды

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 701 | 0

Бүгүн, 12-апрелде Ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Данил Браилкинди уурдаган кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүүлөрдү колго түшүргөн милиция кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министринин буйругу менен кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарышкандыгы жана профессионалдуулугу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн зор салымдарын кошкондору үчүн, андан сырткары коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш иштеринин бетин ачышкан Криминалдык милиция кызматынын түзүмүнүн 10 кызматкери түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланышты.

Эске салсак, 11-апрелде болжол менен саат 09:00 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүнүн нөөмөт бөлүгүнө Кант шаарынан Данил Браилкин аттуу баланы уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташып, коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш кылгандарды колго түшүрүшкөн.

Ошондой эле, 9-апрелде, болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан «Камек» ооруканасынын алдына белгисиз азиат улутундагы адамдар катуу таяк жеген жарандарды таштап кетишкен. Алардын абалы оор болгондуктан, эстерине келбей каза болушкан. Милиция кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгүн ыкчам такташып, 11-апрелде кармашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM