Биз менен байланышыңыз

Балдарды уурдоо күч алды

Без рубрики , Коом | 12 Апр 2019 | 831 | 0

Ата-эненин карызы үчүн балдарды кармап кетүү модага айланып бараткандай. Буга негиз Кант шаарынан 12 жаштагы баланын күч менен уурдалганын айтса болот. Бул окуядан кийин ар бир ата-эне баласы үчүн кооптонууда. Мындай жагдай менен күрөшүү, алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат?

11-апрелде Кант шаарынан акча талап кылыш үчүн эки жаран баланы уурдап кетишкен. Бирок ойлогон ойлору ишке ашпай, кечинде милиция кызматкери тарабынан кармалган. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, өлкөдө бала уурдоо фактысы акыркы жолу 2015-жылы катталган. Андан бери  2018-жылга чейин мындай кырдаал бир да жолу катталган эмес. Жунушалиевдин айтымында, 2001-жылдан бери издөөдө 34 бала жүрөт. Алар үйүнөн чыгып, кайтып барбай калгандар.

— 2018-жылда өлкөдө кылмыштуулуктун саны өстү. Мунун негизинде 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстин негизинде, жаңыланган курамды даярдап койдук. Бирок кооптуу жана башка кылмыштардын катталуусу төмөндөдү. Ал эми уюшулган кылмыштуу топ буга чейин болгон жана бардык өлкөдө боло берет. Бирок алар өз жазасын алат.

Буга байланыштуу ата-энелер кооптонуп жатышат. Алардын бири Назира айым, кызы мектептен келгиче сарсанаа болорун айтып берди.

— Кызымды мурун өзүм мектепке алып барып келчүмүн. Мен бала менен чыга албагандыктан, азыр өзү эле барып келет. 4-5 саатка кетсе деле, кабатыр боло берем. Эки-үч жыл мурун унаа коюп кетет деп корксом, азыр уурдап кетүүлөр өлкөдө көп болуп жаткандыктан, кызым келгиче санаам тынчыбай эшикти эле карай берем. Кайра-кайра телефон чалып кабарлашып турабыз. 

«Коопсуз шаар» долбоорунун дагы бир пайдасы, өлкөдө орун алып жаткан ар кандай учурларды камерага түшүрүп калуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай оюн укук коргоочу Рита Карасартова айтты. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Маселен, балдардын коопсуздугу үчүн роликтер тартылып, маалыматтар айтылып турса, кооптуу окуялар анчейин катталмак эмес.

— Мен балдарыма көп деле кооптоно бербейм. Бирок коомдо орун алып жаткан жаңылыктарды көргөндөн кийин, бул көйгөйгө кантип бөгөт койсо болот деген суроону ойлоном. Негизи мындай кырдаалдар ата-энелер менен балдардын ортосунда сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери аз болгондуктан катталып жатат. Экинчиден, ИИМ дагы алдын ала чараларды көрбөй жаткандыктан болууда. Алар түшкөн гана арыздардын негизинде иш алып барышат да. Арыздарды эле карап отура бербей, бардык чаралардын алдын алуу керек дейт элем. 

Ички иштер министринин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыровдун айтымында, ата-энелердин туура эмес жасаган кадамдары үчүн, балдары жооп берип жатат. Ата-эне балага көбүрөөк кам көрүп, көзөмөлдөшү замандын талабы болууда.

— Ата-энелеринин туура эмес жасаган кадамдарынан улам, балдары көп жабыр тартып жатышат. Кандай гана иштери жасабасын, кимдер менен сүйлөшпөсүн, ата-эне балдарын да ойлой жүрүшү керек да. Таарынычтар, карыздар жана башка ички маселелерди бүгүнкү күндө алсыз балдарыбыздан чыгарып алышат.

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуядан кийин мектепке барган балдардын ата-энелери кандай абалда? Биз Бишкек шаарынын тургундарынан балдарынын коопсуздугу боюнча сурадык.

— Мен күн сайын баламды мектепке алып барып, кайра алып келем. Бала 2-класста окуйт. Жалгыз жибергенден корком .

— Албетте, кооптоном. Заман бул болсо. Бардык эле ата-эне корксо керек.

— Кайда жүргөнүн билүү үчүн балама саат алып берип койгом. Ошону менен эле карап, көзөмөлдөп турабыз.

— Жок. Кызым өзү эле барып келет. Жамандык ойлой берсең, ал нерсе сөзсүз аткарылат деп коет го. Ошон үчүн атасы экөөбүз жакшыны гана ойлойбуз.

Кошумчалай кетсек, үсүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Жалал-Абадда 7 жаштагы бала уурдалып өлтүрүлгөнү маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM