Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ИИМ жетекчиси Жунушалиевди кабыл алды

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 707 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппарат кызматы билдирди.

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Мамлекет башчысы биринчи кезекте калктын саламаттыгын коргоону шарттаган бардык карантиндик-санитардык талаптардын жарандар тарабынан сакталышын камсыздоонун маанисин айтты.

Үй карантиндин шарттарынын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө, ошондой эле илдет жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдарды аныктоого багытталган чараларды ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар менен биргеликте күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, ишке тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылууга көңүл бурулду.

Кашкар Жунушалиев коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында республика аймагындагы блокпостторго күн сайын беш миңден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатканын билдирди. Ошондой эле, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүп жатат.

Жунушалиев инфекция менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери зарыл болгон каражаттар, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгондугун белгиледи.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 631ге жетти. Анын ичинен 302си айыкса, 8 адам каза болду. Вирус жуккандардын арасында 167 медкызматкер, 12 укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар.


Бишкектин кесилишиндеги бетон тосмолор алынды

Copyright © 2017 Maral FM