Биз менен байланышыңыз

«Укук коргоо органдарын саясатка аралаштыруунун азабын тартып жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2020 | 496 | 0

«Милицияны, укук коргоо органдарын саясатка аралаштыруунун азабын тартып жатабыз». Мындай пикирин милициянын отставкадагы полковниги, ИИМдин ардагери Шамшыбек Мамыров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарын саясий курал катары колдонбоо керек.

«УКМК улуттук коопсуздукту камсыздап, милиция эл менен шериктеш иштеп, социалдык тейлөөнү уюштурган юридикалык орган катары чыгышы керек эле. Бирок биз саясий курал катары колдонуп жатабыз. Чогулган элди милиция менен кубалоонун арты эмне менен бүткөнүн 2005-2010-жылкы окуялар көрсөттү да. ИИМ, УКМК, Башкы прокуратуранын кызматкерлери жетекчилерин «легитимсизсиң» дебей, милдетин так аткарышууда. Катардагы милиция, УКМКнын кызматкери же прокурорлор саясий жетекчилерге караганда миң эсе акылдуу экенин көрсөттү», — дейт Мамыров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM