Биз менен байланышыңыз

Мамыров: Бийликке деген кумарыңарды токтотуп тургула

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2020 | 513 | 0

Саясий партиялар жеке амбицияларын токтотуп, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, бир чечимге келиши керек. Мындай пикирин милициянын отставкадагы полковниги, ИИМдин ардагери Шамшыбек Мамыров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бийликке деген кумарыңарды токтотуп тургула. Баарыбыз батыраак бириге калышыбыз керек. Президент өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты. Кеч болсо да түшүндү.

Анын баамында, КР укуктук талаага канча эрте келсе, туруктуулук бат орнойт. Бул — эл үчүн, мамлекет үчүн, коопсуздук үчүн да пайдалуу. Эгерде кырдаал ушул бойдон тура берсе, аймактык же улуттар аралык кагылыш чыгып кетиши ыктымал. Мындайда өлкөгө тышкы күчтөр кириши күтүлөт. 1990-жылдагы улуттар аралык жаңжал 20 жылдан соң, 2010-жылы кайра кайталанды. Тарых сабак болушу керек. Азыр эч ким кепилдик бере албайт.

«Сирия эмне болду? Ошондуктан саясий жетекчилер мамлекеттин тышкы коопсуздугун эске алышса. Курсан Сатарович милиция элге каршы чыкпай турганын айтты, айрымдар ушул кырдаалдан пайдаланып жатат. Талап-тоноочулар үчүн катуу күч колдонууга болот, бирок өзөктү козгоп алуудан карманып турушат. Күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү. Милиция да жаран, анын да үй-бүлөсү бар, алар толук кандуу иштеп берүүгө аракет кылып жатышат», — дейт Мамыров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM