Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: бүгүн түндө Бишкектеги блокпосттор алынат

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 961 | 0

Бүгүн, 30-апрелден 1-майга караган түнү, Бишкектеги ички блокпосттор алынат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, шаарда бир гана жөө жана унаа күзөттөрү иштейт.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, кыймылды көзөмөлдөө үчүн таксисттер жана уруксат берилген чөйрөдөгү жумушчуларга электрондук өткөрмө кагаздары берилет.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылган. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM