Биз менен байланышыңыз

«Өмүр бою эркинен ажыртылгандарга жаңы абак салынууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 661 | 0

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн салынган абактын кошумча корпусун бүткөрүүгө май айында 104 млн. сом бөлүнөт. Жыл аягына чейин түрмө толугу менен бүткөрүлүп, өмүр бою эркинен ажыратылгандар көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн салынып жаткан абактын курулуш иштери 2007-жылы башталган. Ал жерде 6 жай курулган, бирок пайдаланууга берилген эмес.

«Биз документтердин баарын кайрадан жасап жатабыз. Курулуштун документтерин бүтүрбөй эле иштей беришкен. Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө эч ким түрмө курбаптыр. Мындан улам имараттын долбоору көп жолу өзгөртүлгөн. Тагыраагы куруп, кайра бузган учурлар болгон», — дейт Турганбаев.

Маалыматка ылайык, ушундай эле көйгөй экстремизм менен камалгандар кармалган жайда да бар. Имараттын курулушу бүтүп, кабыл алууга келгенде, көп кемчиликтер табылган.

«Эми кайра долбоор чийдирип, ката кеткен жерлерди башынан оңдотуп алалы деп жатабыз«, — дейт Турганбаев.

Эске салсак, 2014-жылы 20-ноябрда Жаңы-Жер айылында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы абак ачылган. Имараттын курулуш иштери 7 жылга созулуп, ага жалпы 347 миллион сом сарпталган. 

Copyright © 2017 Maral FM