Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Абактагылар дары менен 100%га камсыз кылынбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 797 | 0

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде абактан дары-дармек, тамак-аш алып чыгып сатуу системалык көрүнүш эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, абактагылар дары-дармек менен 100 пайызга камсыз кылынбайт. Бирок негизги муктаждыктар камсыз кылынат.

Жаңы кодекстерге ылайык, акыркы убакта Жаза аткаруу кызматынын бюждети жогорулаган. Аталган мекемеге жыл сайын 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бирок бул сумма мекеменин керектөөлөрүнө толук жетпейт.

«Тамак-аш тартыш болгондуктан 1990-жылдары капустанын кабыгын сөөккө кошуп кайнатып, абактагылардын курсагын тойгузган учурлар болгон. Азыр андай эмес. Абактагыларга күн сайын 80 сомдой каражат бөлүнөт. Тамак ашка 200 млн сом каралган. Өндүрүштөр аркылуу акча табуу жагы дагы бар. Биздин мекемеде 65 техникалык окуу жай бар. Ал жерде 2 миңге чукул адам окуп жатат. Түрмөдөгү чарбалар толугу менен өзүн камсыз кыла албайт. Ал эми эл аралык уюмдар адам укугун коргоого, абактагы шарттарды жакшыртууга басам жасашат», — дейт Жапаров.

Ал эки жылда Жаза аткаруу кызматында бир нече багытта өзгөрүүлөр жасалганын айтат.

«Алсак, кыш чыгарган завод иштеп жатат. Май чыгарган кичи ишкана ачылды. Мындан сырткары тигүү цехтери иштеп жатат. Абактагылар да биздин жарандар. Аларды жумушка тартсак бир чети тарбия иштери болсо, экинчи чети аз болсо да тыйын таап үй-бүлөсүнө жардам берет. Мен түрмөдөгү адамдардын иши боючна таанышам, график боюнча абактарга барып турам. Биз үчүн абактагылардын баары бирдей. Биздин кызматкерлер терс көрүнүш жасаса аларга да баа беребиз», — дейт Жапаров.

Бирок Жапаров мекеменин системасында кадр маселеси абдан оор экенин белгилеп, кызматка келгендер бат эле иштен кетип калып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM