Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары дайындалды

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 601 | 0

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары жаңы дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бул кызматка полковник Аскат Эгембердиев дайындалган. Буга чейин аталган кызматта Мырзабек Адылбеков аркалап келген.

Аскат Эгембердиевди жамаатка ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев тааныштырып, Аскат Эгембердиев өмүр бою ЖАМКта кызмат өтөгөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM