Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков УКМКнын 9-кызматына жаңы жетекчи дайындады

Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 967 | 0

Санжарбек Эркинбаев Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 9-кызматынын начальнигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын дагы бир буйругуна ылайык, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Тимур Шабданбеков башка кызматка өткөнүнө байланыштуу УКМК төрагасынын орун басары — 9-кызматтын начальниги кызматынан бошотулду.

Санжарбек Эркинбаевге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын 9-кызматынын начальнигинин милдетин аткаруу жүктөлдү.

Copyright © 2017 Maral FM