Биз менен байланышыңыз

Абактагы 3 миңден ашуун соттолуучу орозо кармоодо

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 866 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринде  3 миңден ашуун соттолгондор, айыпталуучулар жана тергөөдөн кийинки камактагылар орозо кармап жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, орозо кармагандардын эң көбү Бишкектеги №1 СИЗОдо, тактап айтканда, анда 550 адам ооз бекиткен. Ошондой эле Москва районунун Петровка айылында жайгашкан № 8 абакта 400дөн ашуун соттолуучу орозо тутууда.

Азыркы учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринде 8 миңге жакын адам бар.

Ошондой эле, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 500гө жакын кызматкери да орозо кармап жатышат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM