Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: Жетекчилик кызматты президент сунуштады

Кыска кабар , Саясат | 8 Фев 2019 | 1678 | 0

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектейт. Бул тууралуу «Марал» радиосуна өзү билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрук бүгүн, 8-февралда чыкты. Жумушка качан кирише турганы белгисиз. Жаңы жетекчи менен мамлекеттик кызматтагы абал жана өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.

-Мелис мырза, сизди кызматка ким сунуштады?

-Мага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектөөнү мамлекет башчы сунуштады. Ошол эле учурда аталган кызматка барып иштеп беришимди өкмөт дагы сунуш кылды. Буйрукка кол коюлду, азыр күтүп жатам. Чакырышса барып, жалпы эмгек жамааты менен таанышам.

-Бул кызматка келүүгө эмне себептен макул болдуңуз?

-Эми мамлекетке иштеш керек. Жазаларды аткаруу кызматында көйгөйлөр көп. Ошондуктан кызматка барууга макул болдум.

-Алгач жумушту эмнедеп баштайын деп турасыз?

-Кызматка баргандан кийин биринчи эмгек жамааты менен таанышуу керек. Абакта жаткан жарандардын маселесине көңүл бөлөм. Алардын укугу башка жарандардай эле, абактагы жашоо шартын карайбыз. Жумуш менен камсыздаш керек. Мурда ар бир абакта заводдор бар болчу. Алардын баарын кайра ишке киргизүү керек. Андан кийин жумуш менен камсыздалат. Жаза алып жаткан жарандар заводдордо иштеп, айлык алуусу керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын Таалайбек Жапаров жетектеп келди.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2014-2016-жылдары Ички иштер министри болуп турган. Ошондой эле учурда Спорттук күрөш боюнча федерациянын вице-президенти.

Copyright © 2017 Maral FM