Биз менен байланышыңыз

«Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери 10 жылдан бери форма алган эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 455 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна берген маегинде абактагыларга жетиштүү көңүл бурулбай, алар мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекет болуп калганын билдирди.

Анын айтымында, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери 10 жылдан бери форма алыша элек.

«Эми акча сурап, чечкиндүү кадамдарга барып жатабыз. Каражат маселеси чечилсе, 2-3 жылда абактарды толугу менен мурунку абалына алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Абактар менен таанышып чыктым. Акаевдин убагынан бери келе жаткан көйгөйлөр көп. Көп абактарда мурунку ишканалар талкаланып калган. Эки түрмөдө кирпич чыгарган завод иштеп жатат. Мындан сырткары, нан бышырган 7 ишканабыз бар. Ошондой эле, миң бодо мал багылган сарайыбыз да бар. Ал жерден 35 тоннага чейин эт алынып, абактарга таркатылат», — дейт Турганбаев.

Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу кызматынын жылдык керектөөлөрүнө 3 млрд. сомдон ашык каражат керектелет. Бирок аталган мекемеге быйыл республикалык бюджеттен 1 млрд. 200 млн сомдой акча каралган. Ал каражат корголгон беренелер боюнча бөлүнгөн. Мындан улам абактардын капиталдык оңдоп-түзөөсүнө жетпейт.

Турганбаев буга кошумча, түрмөлөрдө бир топ иштер эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылып келгенин белгилейт.

«Бул багытта дагы да болсо иштер уланып жатат. Мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын негизинде талкаланган нерселерди жамап жатабыз. Тамак-аш жагынан эч кандай маселе жок. Тартипти камсыздап жатабыз. Бул жагынан да көйгөй жок. Бирок оорукана, жаткана, ашканалардын баары эски», — дейт Турганбаев.

Copyright © 2017 Maral FM