Биз менен байланышыңыз

Абактар катуу көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 699 | 0

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Жаңы жылга карата бүгүндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей башташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык бул тартип 8-январга чейин уланат. Мунун максаты коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана ар түрдүү терс жагдайлардын алдын алуу болуп саналат.

Бул күндөрү бардык абактардагы өткөрмө бекеттери катуу көзөмөлгө алынат.

Эске салсак, өлкө боюнча 15 миңге жакын киши абакта отурат.

Алардын көпчүлүгү бейбаштык, уурулур, алдамчылык жана манзат сатуу боюнча соттолгондор.

Copyright © 2017 Maral FM