Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Райымбек Матраимовдун катуу таасири жок

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2019 | 775 | 0

Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов кызматтан кеткенине байланыштуу учурда анын катуу таасири жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимов тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Мындан улам Матраимов боюнча өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев менен Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков так жооп бериши зарыл.

«Алар жакында парламентке отчет бергени келишет. Эл өкүлдөрү парламентте ушул суроо-талапты дагы коёбуз. Мурда энергобарондор болсо, кийинчерээк бажыбарондор пайда болгон. 2005-жылдары биз келгенде «капчык» дегендер бар эле. Эми эл «миллион» дегендерди сөз кылып жатышат. Бирок Матраимов кызматтан кеткенине байланыштуу учурда анын катуу таасири жок деп ойлом. Балким, өзү менен чогуу иштешкен кишилерге таасири болушу мүмкүн. Азыр жоопкерчиликтин баарын Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековго жүктөгөнбүз. Ал мыйзам чегинде иштейм деп ант берген», — дейт Жапаров.

Анын билдиргенине караганда, 2005-жылкы революциядан кийин бюджетке өлкөгө кирген ар бир унаадан 300 доллар гана түшүп, калган 5 миң доллар бирөөнүн чөнтөгүнө кетип турган.

«Мындан улам ар бир унаадан көлөмүнө жараша бюджетке 3,5 миң доллар түшө тургандай кылып, бажы алымын 12 эсеге көтөрүп койдук. Эгерде Кытайдан кирип жаткан товарлардын агымын азайтпайбыз десек, ызы-чуу кылбай системанын өзүн өзгөртүшүбүз керек. Система киргенде ааламдык факторлор жоголот», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM