Биз менен байланышыңыз

Кытайда кар көчкүнүн астында калган 10 киши куткарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 492 | 0

Кытайда кар көчкүнүн астында калган 10 киши куткарылды. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телевидениеси айтып чыкты.

Окуя өлкөнүн Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарындагы Үрүмчү уездинде кечээ катталган. Издөө-куткаруу ишине аскердик 2 тик учак тартылган.

Көчкүдө калгандардын бири оор жаракат алып, дагы бири жеңил жаракат алганы белгилүү болгону кабарланат. Кырсыкка кабылгандардын спутниктик телефон болгондуктан, куткаруучулар байланышка чыгып иш алып барышкан.

Кырсыкка кабылгандар тик учак менен Үрүмчү шаарындагы аэропортко конуп, ооруканага жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM