Биз менен байланышыңыз

Соода түйүндөрүнө виртуалдык аппараттар коюлат

Экономика | 8 Апр 2019 | 807 | 0

Жай мезгилинен баштап пилоттук режимде Бишкектин соода түйүндөрүндө атайын виртуалдык аппараттар иштей баштайт. Аппараттын жардамы менен соодагерлердин ишин салык кызматы түздөн-түз байкап тура алат. Виртуалдык аппарат Кыргызстандын соода тармагына кандай таасирин тийгизет?

Бишкекте соода багытында иш алып баргандар үчүн атайын виртуалдык аппарат ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, коңшу мамлекеттер мындай системага эбак эле өтүшкөн. Мындан улам Кыргызстанга да бул системаны киргизүү учур талабы.

— Виртуалдык аппараттын өзгөчөлүгү: ал компьютердик программа менен иштегендиктен, сырттан уюлдук телефон аркылуу катталып, виртуалдык аппарат катары пайдаланса болот.

Кыргызстанда айрым соодагерлер патент менен иш алып баруудан качып, бир гана лицензия менен миллиондогон кирешелерди таап жатат. Мындай маалыматты салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков кабарлайт. Ошондуктан, виртуалдык аппаратты колдонуу мыйзамсыз иш алып барып жаткан ишкерлерге бөгөт коёт.

— Бул аппараттын зыяны жок. Себеби бардыгын салык кызматы көрүп турат. Мурун мыйзамсыз соода кылгандардын иштери ачыкка чыгып, далилдер көрсөтүлөт да. Мындан сырткары, анализ жасаганга, мониторинг жүргүзгөнгө да оңой болот.

«Борбордо жайгашкан ири дүкөндөрдө виртуалдык аппарат сөзсүз болушу керек», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева. Депутаттын айтымында, чакан дүкөндөр үчүн аппаратты сатып алуу көйгөй жаратышы мүмкүн, бирок көрүнүктүү соода түйүндөрүндө сөзсүз коюлушу керектигин айтат.

-Сиз бир нерсе алдыңыз, ал эми ал маалымат салык кызматына кетет. Ошол жерден сиз «Дүкөн салык төлөйбү?» – деген суроого жооп ала аласыз. Аппараттын баасы боюнча айтсам, чака дүкөндөр үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн, бирок чоң соода борборлору сөзсүз коюшу керек.

Экономист Эрлан Камаловдун айтымында, дүйнө эли виртуалдык аппараттын негизинде иш алып барып келет. Ал эсеп-кысап ишинде ачыктыкты камсыздайт. Салык кызматы адамдардын толук чыгымдарын түздөн-түз байкап, көмүскө экономика менен күрөшөт.

— Коңшу өлкөлөр виртуалдык аппарат менен көптөн бери иш алып барып келет. Жок дегенде ушул багытта биздин өлкө артта калбаса. Мындай кадамдын жасалып жатканы жакшы. Коррупцияга каршы күрөшүүгө далил болуп бере алат.

Жогоруда айтылып жаткан онлайн-маалымат берүүчү виртуалдык аппараттын баасы 10 миң сомдон башталат. Бул долбоор пилоттук режимде алгач Бишкекте ишке ашырылмакчы. Эгер долбоор ийгиликтүү чыкса, анда августтун аягына чейин жалпы өлкө боюнча колдонууга өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM