Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Мамашева «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болду

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 2128 | 0

Бугүн, 27-декабрда Парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясы чогулуп, фракциян лидери катары Айсулуу Мамашеваны тандашты.

«Эки жолу тең эки талапкердин добуштары тең чыгып, үчүнчү жолкусунда башка талапкер сунуштоону көтөрүп чыгышты. Ошентип мени сунуштап, баары колдошту. Башында шок болдум. Эми буйруса бул милдетти аткарууга аракет кылам«, — деди эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, буга чейин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан чыкканын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM