Биз менен байланышыңыз

Эми Кыргызстандагы бардык май куюучу жайларга салыктык эсептегичтер коюлат

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2020 | 1058 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандагы бардык май куюучу жайларда автоматтык салыктык эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу Салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Мындай система аркылуу кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик жолу менен май ташып келүүгө бөгөт коюлат. Анткени мунайзатты ташып келүүчүлөрдүн ортосунда адилетсиз атаандаштык пайда болуп, мыйзам негизинде иштеген ишкерлерге кыйынчылыктар жаралууда.

-Бул система ишке киргенден кийин кардар станцияга келип, акчасын төлөгөн соң, чек берилгенде гана май куюлат. Башкача айтканда, чек берилмейин, май куюлбайт. Кыргызстанда 900дөн ашык май куюучу жай бар. Алардын баары текшерүүгө алына баштаган соң, ачык иштебегендери бара-бара жоголот деген ойдобуз,- дейт Сазыков.

Copyright © 2017 Maral FM