Биз менен байланышыңыз

«Альянс» өзүн конструктивдүү оппозициячыл партия деп жарыялады

Саясат | 12 Окт 2021 | 1303 | 0

Бүгүн, 12-октябрда «Альянс» саясий партиясынын III кезексиз съезди болуп өттү. Анын жүрүшүндө партиянын тең төрагалары болуп Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев шайланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бир нече партия биригип «Альянс» партиясын түптөгөнүн, партия оппозициячыл болуп, азыркы бийликке анык альтернатива экенин белгиледи.

«Республика», «Бир бол», «Адилеттүү Кыргызстан», «Кыргыз либерал демократиялык партиясы» шайлоого чыккан жок,  мына ошол партиянын лидерлери чогулуп, баарыбыз бир партия менен келели дедик. Эми Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Мирлан Жеенчороев  — парламенттеги «чимкирик» деген атка конбогон, саналуу депутаттардын баарын биз «Альянс» партиясына бириктирдик. Парламентте сөзсүз түрдө альтернатива болушу керек. Жалаң кошоматчы, бийликчил депутаттардын келип алганы туура эмес болот. Парламентте элдин үнүн жеткирип туруучу күч болбосо, бул парламент азыркы парламенттен да алсыз болушу мүмкүн».

Саясий партиянын III кезексиз съездинде партиянын теңтөрагасы болгон Мирлан Жеенчороeв бир жыл мурунку октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодогу одоно мыйзам бузууларды эске салып, бул сапар шайлоо таза, коркутуп-үркүтүүсү жок өтүшү керек экендигин белгиледи.

«Бир жыл аралыгында биз кандай гана сыноолорду баштан өткөргөн жокпуз. Саясий, экономикалык кризиске өзүбүз күбө болуп отурабыз. Бүгүнкү шайлоо кыргыз эли үчүн, келечеги үчүн чоң сыноо болуп турат. Эгерде шайлоо бул сапар дагы таза өтпөсө, кимдир бирөө тарабынан мажбурлоо болсо, өзүнүн бийлигине таянып, уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин колдоном дегендер болсо, бул кыргыздын тарыхына, өнүгүүсүнө, келечегине балта чапкандык. Биздин команда, биздин “Альянс” буга карама-каршы. Биз экономикалык секирикти, мыйзамдуулукту бекем кармаган, күчтүү мамлекетти түзө турган, билимдүү, сапаттуу команданы топтоп алдыга бара жатабыз”.

Партиянын бүгүнкү съездинде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов шайлоого бир мандаттуу округдан катышуудан баш тартканын маалымдады. Буга чейин Алтынбек Сулайманов №5 Ноокат шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдирген.

Эми Сулайманов парламенттик шайлоого партиялык тизме менен алдыңкы ондукта катышат.

«54 депутат партиялык тизме менен, 36 бир мандаттуу округдан деген түшүнүк бар. Переференциалдык шайлоо системасы боюнча мыйзамдын авторлорунун бири катары мен ошого такыр каршы элем, бирок мен партиянын атынан бир мандаттуу округдан арызымды берип катталдым. Бүгүнкү күндө 228 талапкер катталыптыр, бизден башка партиялардан талапкер сунуштабаптыр, баары өзүн-өзү сунуштаптыр. Мага коркунуч пайда болду, келечекте партиялык система жок болуп кетет экен деген. Мен Ноокат округунан койгом, мага атаандаш да чыккан жок. Мандат азыр менин чөнтөгүмдө, бирок ошого карабастан мен бир мандаттуу округдан баруудан баш тарттым».

Депутат Айсулуу Мамашева өзүн бийликчил партияда көрө албагандыктан, оппозициячыл партия менен аягына чыкпай калган мыйзам долбоорлорун ишке ашыруу үчүн депутаттыкка аттанып жатканын билдирди.

«Менин көптөгөн жакшы мыйзамдарым ишке ашпай калып калды. Социалдык маселелерге, алиментке, экологияга байланыштуу мыйзамдарым калып калды. Ошолорду аягына чейин чыгаруу үчүн, өлкөм үчүн, жаркын келечек үчүн парламенттик шайлоого бара жатам».

Жыйында партия Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады. «Альянс» партиясынын катарында учурдагы депутаттар Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Таабалды Тиллаев, Гүлкан Молдобекова, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, журналист Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, коомдук ишмер Сейтек Качкынбай, экономист, ишкер Эльдар Абакиров, финполициянын төрагасынын мурунку орун басары Эмил Жамгырчиев бар.

Copyright © 2017 Maral FM