Биз менен байланышыңыз

Депутат Мамашева коммерциялык банктарды сүткорлук кылбай, ишкерлерге жардам берүүгө чакырат

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 910 | 0

Өлкөдөгү бүгүнкү абалдан пайдаланып, коммерциялык банктар сүткорлук кылбай, насыядан кыйналган ишкерлерге жардам бериши зарыл. Мындай ойду бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда депутат Айсулуу Мамашева билдирди.

Өлкө аймагындагы тейлөө кызматтарын көрсөткөн ишкерлердин баары кандайдыр бир деңгээлде чыгымга учурап жатышат. Албетте, коммерциялык банктар анча-мынча чыгамга учурайт, бирок алар мындай учурда сүткордук кылбай, насыядан кыйналган ишкерлерге жардам бериши зарыл. Улуттук банк маселени катуу коюшу керек. Ансыз тунгуюктан чыгуу кыйын, — деди депутат айым.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк оңтойсуз абалда калган ишкерлерге жардамдашуу боюнча сунуштамаларын бергенин билдирди.

Биз коммерциялык банктарга буйрук бере албайбыз, алар дагы ишкерлер болуп саналат. Ошого карабастан, кайрылган ишкерлердин маселесин колдон келишинче чечип берүү чаралары көрүлөт. Бул багыттагы алгачкы кадамыбыз улуттук валютанын жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу аракети болду, — деди башкы банктын төрагасы.

Copyright © 2017 Maral FM